www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык ишкер, Tesla жана SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск SpaceXтин Марска жасаган миссиясы учурунда "бир топ адам өлүп калышы мүмкүн" деп эскетти. Б

Маск мындай билдирүүнү, X Prize Foundation технологиялык кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Питер Диамандис менен маектешүү учурунда айткан. 

Белгилүү болгондой, ал Марска адамдарды 2026-жылга чейин, NASAдан биринчи жиберүүнү пландап келген.

"Марска саякаттоо оңойго турбайт. Сиз анын кооптуу, ыңгайсыз жана узак экендигин билесиз. Тирүү бойдон кайтып келбешиңиз мүмкүн, бирок, бул укмуштуу саякат жана эстен кеткис окуя болот. Ооба, чынын айтсам, сиз өлүп калышыңыз мүмкүн. Ал жакта сизде жакшы тамак болбойт», - деди ишкер.

Эске сала кетсек, буга чейин, Маск 2050-жылга чейин Марска миллион адам жиберүүнү пландап жатканын айткан. Ал SpaceXтин Starship кемеси адамзаттын Жерден көчүп кетүү планынын ачкычы болорун жана адамдар Марска ракета менен эки эле жылдын ичинде жете алаарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости