www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СССРде бирге болуп, Европаны көздөй жулунушкан республикалардын оюу кандай? Албетте, аларда деле демократиянын тонун кийишип байып алгандар бийликке чамынып турушат. Эл жаман тартиптен улам Сталинди эңсеп калышты, эл адал, таза иштегиси келет. Сталиндин заманындагы башкаруу тууралуу ностальгия улуу муундан кийинки муунга өтө баштады. Сталиндин убагында мамлекет эмнеге өсө баштаган, анткени бийлик күчтүү, таасирдүү болгон. Азыр да күчтүү бийлик керек, эгер курмандык керек болсо ага даяр тургандар табылат. Кошмо Штаттары менен Европа Биримдигинин жетелөөсү менен «Грузин кыялы» аттуу бийликтегилер менен оппозициянын ортосунда келишим түзүлгөн. Өздөрүн «улутчул» эсептешкен оппозиция Батыштын көкүтүүсү менен бийликке таңуулаган, бул грузин эли үчүн «тарыхий документ» эсептелген келишимди барактап көрсөк, биздин заманга чейин эле падышачылык куруп келген Грузиянын бүгүнкү АКШга болгон кайырчылык доорунун бети ачылат.

Бул документте Грузиянын жогорку мыйзам чыгаруучу органдарынын депутаты эмне иш кылат ошол тууралуу жазылган:

1. 2019-жылдын 19-21-июнунда нааразычылык кагылышууларына байланыштуу парламентте тиешелүү партиялар мунапыс чыгаруу үчүн мүмкүнчүлүк алышат. Ошол нааразычылык кагылышууларында кармалгандар жана күнөө кылгандар мунапыс алышат.

2. 2019-жылдын июнунда тартип орнотуу максатында соттун чечими менен Грузиянын Конституциялык соту тарабынан кабыл алынган мыйзам күчүнө кирет. Жогорку Сотту дайындоодон мурун токтото туруп, жаңы мыйзамдар күчүнө киргенге чейин жаңы талапкерлердин арыздарын кайрадан карап чыгуу керек.

3. Оппозициялык партиялардын парламент мүчөлөрү беш комитетти жетектейт, алардын ичинен эки комитетти төмөнкү тизмеден тандап алышат: а) процедуралык маселелер жана эрежелер боюнча комитет; б) юридикалык маселелер боюнча комитет; в) адам укугу жана жарандык интеграция боюнча комитет; г) бюджеттик-финансылык комитет; д) эл аралык мамилелер боюнча комитет.

4. Эгер бийлик башында турган «Грузин кыялы» 2021-жылы боло турган жергиликтүү шайлоодо 43%дан аз добуш ала турган болсо, 2022-жылы мөөнөтсүз парламенттик шайлоо дайындалышы керек.

Рцхиладзе сыяктуу кээ бир грузиндердин оюу боюнча: «Грузияда мамлекет жок. Грузияны бийлегендер эгемендүүлүктү алар менен, акыркы отуз жылда тышкы күчтөрдү, чоң мамлекетти издешти. Эмне үчүн? Грузиянын «эки тизгин, бир чылбырын», тагдырын кармата бериш үчүн. Дүйнө боюнча чакан мамлекеттердин эгемендүүлүгү боюнча маселе чоң көйгөйгө айланды. Алар кайсы бир чоң мамлекеттин этегине жабышып алышып эптеп-септеп күн көрүшө турган болду. Чоң мамлекеттер майда мамлекеттерге акыл, кеңештерин айтып, урушуп жемелеп, башка чаап айдап алды. Грузияда азыр эгемендүүлүк деген ооз жүзүндө эле калды. Польшаны мисалга алып көрөлү. Эч нерсеге карабай бул өлкөнүн башкаруучулары өзүнүн күн тартибинде өнөктөш-мамлекеттердин өкүлдөрүнө бийликти берип коюп жатышат. Грузияда да ошол сымал, мамлекеттик бийликти жетектегендер башка чоң мамлекеттин ооздорун акыйып карап турушат. Эл ишенип, элге акыл айта тургандар мамлекетибизден чыгып кетишип, жылдан жылга грузиянын таасиринен, үрп-адатынан алыстап бара жатышат. Бул дагы демографиялык оор кайгыны алып келет».

Анын пикири боюнча, батыш саясатчыларынын мамлекеттеги саясат менен ашыкча баш оорутунун деле кереги жок. Ал эми элдин тилеги болсо, алар келип мамлекетте тартип орнотуп беришин талап кылышат. Бирок алардын тартип орнотуп бергени мындай элди экиге бөлүшүп, бири-бири менен кайраштырып чыр-чатактарды жандандырып жатат.

«Азыркы Грузиядагы өзүн оппозиция деп эсептегендер оппозиция эмес. Булар мамлекеттик түзүлүштө жара болуп өсүп чыгышкан банда. Бул бандада криминалдык күчтөр аралашып алган. Биздин билишибизче, бул жерде өнүгүп алган коррупция Шеварднадзенин да, Саакашвилинин да тушунда ач калышкан жок, кайрадан ичип-жеп жатып семирип алышкан коррупция адам айткыс масштабга жетип алышкан. Анын үстүндө азыр аларга ичип-жеш уят эмес, мыйзамга шылтоолоп каалашынча ичип жешет.

Акча, мүлктү тартып алган боюнча алдына киши салбагандар, бүгүнкү күнү депутаттык мандаттарын сатып алган. Мунун барын көрүп туруп ойлойсуң, эмне биздин мамлекетте бийлик барбы же биротоло түбүнөн кертилип жок болгонбу?», - деп белгиледи Рцхиладзе.

«Бардык тарабынан алганда Грузия жакыр мамлекет. Биз - чала сабаттуулардын өлкөсү болуп калдык, бир нерсени билгендер, сабаттуулар Батыш тарабынан сатылып алынып кетип жатышат. Бүгүн биздин мекендештерибиз албандык кайырчылар сыяктуу Европанын криминалдык дүйнөсүндө катуу атагы чыгып жатышат».

«Евразия институтунун» жетекчиси Рцхиладзенин оюу боюнча эл Сталин келсе экен деп кыялданып калышты.

«Бардыгы таң калышы мүмкүн, бирок ушундай. Эл жаман тартиптен улам Сталинди эңсеп калышты, эл адал, таза иштегиси келет. Сталиндин заманындагы башкаруу тууралуу ностальгия улуу муундан кийинки муунга өтө баштады. Сталиндин убагында мамлекет эмнеге өсө баштаган, анткени бийлик күчтүү, таасирдүү болгон. Азыр да күчтүү бийлик керек, эгер курмандык керек болсо ага даяр тургандар табылат. Курмандыктар кереги бул факт, ал милдеттүү түрдө керек, элдин көпчүлүк бөлүгү өлкөнү туура эмес башкаруудан улам жерлер, суулар сатылып, элдин эркине каршы иштер болуп жатат.

Азизбек Келдибеков, NazarNews.kg

Последние новости