www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илон Масктын ракетасы жерге конгондон кийин жарылды

Илон Масктын SpaceX компаниясынын пилоттолгон Starship кемесинин прототиби жерге ийгиликтүү конуп, бирок 10 мүнөттөн кийин жарылып кетти. Ага чейин жаңы муундагы SN10 деген аппарат Техастагы сыноо учурунда 10 километр бийик көтөрүлгөн.

SpaceX тараткан видеодо кеменин бир бөлүгү жерге конгондо өрттөнө баштаганын көрүүгө болот. Бир нече мүнөттөн кийин жарылып кетти. Буга карабай компания сыноолорду уланта берерин билдирди.

Маск Starship өзү жабыркабаганын "Твиттерге" жазды. Кеменин прототиби жарылганын азырынча комментарийлеген жок. Starship буга чейин эки жолу сыноодон өтүп, экөөндө тең ракеталар конгондо жарылып кыйрап калышкан.

Компания АКШнын космос агенттиги – НАСА пилоттолгон же учкучсуз миссиялар үчүн пайдаланган азыркы Falcon ракеталарын ошол Starship'ке алмаштырууну көздөйт. Масктын айтымында, кемени Айга жана Марска экспедиция жөнөткөндө колдонсо болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости