www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен акыркы жолугушууда чек ара маселесин чечүү боюнча сунушун бергенин билдирди. Бул тууралуу 14-июнда «Биринчи радиодогу» маегинде айтып, ал кандай сунуш экенин тактаган жок.

Марат Иманкуловдун сөзүнө караганда, ушул тапта кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору иштеп жатат.

«Президент (Садыр Жапаров) чек ара боюнча өзүнүн пикирин айтты. Бизде саясий эрк бар. Кыргызстандын Тажикстанга жана башка кошуна мамлекеттерге аймактык дооматыбыз жок. Ошондуктан бизге жеңил болгондуктан «кел чек араны чечели» деп айтып атабыз. Советтер Союзу ураганда Алматы декларациясы кабыл алынган. Ошондо Советтер Союзундагы административдик чек аранын баары тең мамлекеттик чек арага айланган. Ошону менен иштешибиз керек. Ал эми ага чейинкилер тарых боюнча калыш керек», — деп билдирген Иманкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости