www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индияда куш тумоосунан миңдеген канаттуулар кырылууда

Акыркы он күндүн ичинде Индия боюнча канаттуулардын массалык өлүмү катталды. Он миңдеген канаттуулар куш тумоосунан каза болушту. Бул тууралуу Индиянын NDTV телеканалы маалымат чыгарды. .

Маалыматка ылайык, Кералада (Индиянын түштүк-батышында) штаттын бир нече шаарларында вирустун очоктору табылгандан кийин кеминде 24 000 канаттуу өлгөн. Өлкөнүн түндүгүндө (Химачал-Прадеште) бул инфекциядан 2 700дөй канаттуу өлгөн жана алар негизинен тоо каздары болгон.. Ал эми Мадхья-Прадеште бир нече жүз карга куш тумоосунан өлгөн.

Инфекция Раджастандын үч районунда - Джалвар, Кота жана Баранда табылды. Ал жерде буга чейин 625 куш өлгөн. Ал эми Харьянада өлгөн канаттуулардын үлгүлөрү текшерилип, жыйынтыгында он күндүн ичинде болжол менен 400,000 үй жана жапайы канаттуулар кырылганы маалым болду.

Өлкөнүн жабыр тарткан региондорунун бийликтерине канаттуулардын күтүүсүздөн өлүп калганы жөнүндө тезинен кабар берип, ыкчам иштөөгө буйрук берилди. Абалды көзөмөлдөө үчүн атайын топтор түзүлдү. Улуттук сейил бактар жана коруктар да алдын-алуу чараларын көрүштү.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости