www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия Кытай менен чектешкен жерине өтө көп аскер жөнөттү. Бул тууралуу Индиянын тышкы иштер министри билдирди.

Анын айтымында, Индия буга чейин Кытай менен чектешкен жеринде мынчалык көп аскер жайгаштырган эмес. Ал 2020-жылдан кийин Кытай тарап чек арага көп сандагы аскер кызматкерин алып келгенин белгиледи. Ошондой эле, индиялык аскерлер Кытайдын тактала элек жердеги бир тараптуу аракеттерине каршылык көрсөтөрүн эскертти.

Индия менен Кытайдын чек арасында 4 миң чакырым жер такталган эмес. Талашка түшкөн жер Түштүк Тибетте жайгашкан. 1962-жылы эки өлкө жер талашып согушкандан кийин, тактала элек жерди чогуу көзөмөлдөөгө макул болушкан.

9-декабрда индия-кытай чек арасында чек арачылар ок атышкан. Анын кесепетинен эки тараптан тең аскер кызматкерлери жеңил жаракат алышкан.

Бир нече күн өткөндөн кийин Индиянын Коргоо министрлиги дагы бир кагылышуу болгонун, Кытайдын аскерлери өлкө аймагына кирүүгө аракеттенгенин жарыялаган.

Ал эми Кытай тарап чек арадагы абал туруктуу экенин, Индия менен дипломатиялык, аскердик каналдар аркылуу байланышып жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости