www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-декабрда «Массалык башаламандык уюштурууга даярданган» деп айыпталып кармалган саясатчы, активисттердин жактоочулары маалымат жыйын уюштуруп, мамлекет башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту.

Жактоочу Кантемир Турдалиев иштин курамында кылмыш жок экенин белгилеп, төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Козголгон кылмыш ишин саясий иш деп айтууга акыбыз бар. 20дан ашуун саясатчы, активисттерди Кемпир -Абад боюнча өз пикирин айткан үчүн алып барып камап коюшту. Баш мыйзам бузулуп жатат. Тактап айтканда, Конституцияда ар ким өз оюн эркин айтканга укуктуу деп турат. Бизде да саясий туткундар пайда болду. Кыргызстан эгемендүүлүк алган 31 жылда мындай жапырт камоо болгон эмес. Жакында алардын баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотто каралат. Жаңы жылдын алдында аларды үй камагына чыгарып койсо жакшы болмок", - деди ал.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, камалган. Алар акыркы күндөрү «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген. 14-декабрда алар саясий ачкачылык жарыялашты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости