www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын үч офицери кокусунан Пакистанга ракета учурганы үчүн иштен алынды. Бул тууралуу Индиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди, деп жазат Tengrinews.kz.

Окуянын себеби аскер кызматкерлери тарабынан жасалган стандарттуу операциялык процедуралардан четтөө болгону айтылды.

"Бул үч офицер окуя үчүн биринчилерден болуп жоопкерчиликке тартылды. Алардын кызматы Индия өкмөтү тарабынан токтоосуз түрдө токтотулду", — деп айтылат билдирүүдө.

Кызматтан бошотуу боюнча буйруктар кечээ, 23-августта кызматкерлерге тапшырылды.

Пакистан армиясынын маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 9-мартында кечинде өлкөнүн аскер-аба күчтөрүнүн «жогорку ылдамдыкта учуучу объекти» Индияда траекториясын өзгөртүп, Миан Чанну шаарына жакын жерде Пакистандын аймагына кулап түшкөн. Окуянын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор болгон эмес. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Индиянын Исламабаддагы убактылуу ишенимдүү өкүлүнө телефон чалган жана өлкөнүн аба мейкиндигин индиялык “үнсүз учуучу объекттин” негизсиз бузганы үчүн ага катуу нааразылыгын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости