www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезия жана Малайзия Бирмада кыргынды токтотууга чакырды. Мындай талап 24-апрелде Индонезиянын баш калаасы Жакартада өткөн Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясынын жыйынында айтылды.

Бирмалык генерал Мин Аунг Хлаинг да катышкан жыйын бул өлкөдөгү демонстранттарга, оппозицияга каршы катаал репрессияларды токтотуу үчүн чукул чакырылды.

Малайзиянын премьер-министри Мухиддин Ясин Бирмадагы (дагы бир аталышы Мьянма) аскердик хунта саясий туткундарды токтоосуз бошотуу тууралуу сунушту карап чыгат деген ишенимин билдирди.

Индонезиянын президенти Жоко Видодо зомбулук жана камоолор тез арада токтошу керектигин айтты.

Ички кризистерден улам бул ирет жыйынга Тайланд, Филиппин жана Лаостун бийлик өкүлдөрү катышкан жок.

Түштүк-Чыгыш Азиядагы Бирмада быйыл 1-февралда аскерлер жарандык бийликти кулатып, Нобел сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жарандык жетекчилерди камакка алган.

Ошондон бери өлкөдө аскердик хунтага каршы демонстрациялар токтобой, полиция жайкын тургундардын тынч нааразылык жыйындарына каршы ок жаадырып жатат. Соңку эсептер боюнча, нааразылыкка чыккан 700дөн ашык киши коопсуздук күчтөрүнүн огунан набыт болду. Миңден ашуун демонстрант камалды.

Дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөр, эл аралык уюмдар аскердик хунтадан өлкөдөгү мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости