www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандар өлкөдөн чыкпасын. COVID-19 күчөп кетти

Түркияда коронавирус жугузгандардын саны кескин көбөйүп, эпидемиологиялык абал оорлогонуна байланыштуу дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү бул мамлекетке аба каттамдарын кайрадан токтотуп жатат.

Мисалы, коңшу Казакстан 26-апрелден тарта аптасына белгиленген 20 каттамдын санын тогузга түшүрөт.

«Түркияда эпидемиологиялык абал оорлоп кетти. Андыктан өз жарандарыбызга башка, вирус жугузуп алуу кооптуулугу азыраак өлкөлөргө барууну сунуштайбыз», - дешет туризм тармагындагы адистер.

Ошол эле, учурда Россия Түркияда эс алып жүргөн жарандарын атайын учактарды жиберип, массалык түрдө мекенине алып келип жатат. Буга чейин Россиянын вице-премьери Татьяна Голикова бул өлкө менен туруктуу жана чартердик каттамдар 1,5 айга токтотуларын айткан эле.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус статистикасын жүргүзгөн Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Түркияда COVID-19 жуктургандардын саны 4,5 миллиондон ашып, дүйнөлүк тизмеде алтынчы орунга чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости