www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индонезияда ноябрь айынын акыркы жумасынан бери тынбай жааган жамгырдан улам катуу суу ташкыны жана жер көчкү жүрүп, Суматра аралынын жашоочуларынан кеминде 950 адам каза болду. Дагы 274 адам дайынсыз жоголду.
Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук кырсыктарды башкаруу агенттигинин билдирүүсүнө таянып ТАСС агенттиги жазды.
“Мекеменин маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен болжол менен 5000 адам жаракат алган. Каза болгондордун саны 900дөн ашкан”,- деп айтылат билдирүүдө.
Индонезиянын Улуттук издөө жана куткаруу агенттиги кырсыктын себеби ноябрь айынын аягынан бери аймакта жаап жаткан катуу жаан-чачындар болгонун билдирген. Сел турак жай имараттарына, жолдорго жана инфраструктурага зыян келтирип, куткаруучулардын эң көп жабыркаган аймактарга жетүүсүн кыйындаткан.
Буга чейинки табыгый кырсыктан Ачех, Түндүк Суматра жана Батыш Суматрада 164 адам каза болгондугу кабарланган.