www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезияда жылан 5 балалуу аялды жутуп салган

Индонезиянын Түштүк Сулавеси шаарында беш баланын 30 жаштагы энеси питондун ичинен табылды.

"Mirror"дун маалыматы боюнча, Сириати аттуу аял коңшу конуштагы бир тууганына жалгыз жөнөп кеткен. Ал жол жунгли аркылуу өткөн. Ал тууганына барбаганы белгилүү болгондо күйөөсү издөөгө киришкен. 

Эркек аялынын аркасынан барып, чөптөн анын бут кийимин тапты. Андан ары бара жатып, ал аялын жутуп жаткан чоң питонду көргөн . Жыландын оозунан Сириатинин буттары гана чыгып турган.

Эркек питонду өлтүрүп, аялын сууруп чыккан, бирок ал өлүп калган.

Жылан жемин жээрдин алдында анын денесин кысып, өлтүрүп анан аны жутууга киришет.

Индонезияда адам питондун жемине айланган биринчи учур эмес.

Ушул жылдын июнь айында Индонезиянын Калемпанг айылынын тургуну дайынсыз жоголгон. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, анын денеси питондун курсагынан алынган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости