www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Brand Finance консалтинг компаниясы  дүйнөдөгү эң кымбат футбол бренддеринин тизмесин түздү. 

Каржылык жактан эң ийгиликтүү долбоорлордун рейтингин, Чемпиондор Лигасынын учурдагы жеңүүчүсү мадриддик "Реал" жетектеп, өткөн жылдан бери наркы 16 пайызга өскөн. Азыр клубдун баасы 1,685 миллиард еврону түзөт.

Өткөн жылы дүйнөдөгү эң кымбат клубу англиялык "Манчестер Сити" болгон. Ал азыр экинчи орунда турат (1,611 миллиард).

Рейтингде үчүнчү орунду "Барселона" ээлейт - анын баасы 1,542 миллиардды түзөт.

Төртүнчү жана бешинчи орундарды англиялык "Манчестер Юнайтед" (1,398 миллиард) жана "Ливерпуль" (1,380 миллиард) ээледи.

Андан ары "Бавария" (1,236), ПСЖ (1,208), "Арсенал" (996 миллион евро), "Тоттенхэм" (868 миллион) жана "Челси" (838 миллион) турат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости