www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Инсандын руханий өнүгүүсү боюнча концепция даярдалууда

Кыргызстанда “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндө концепция даярдалууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

5-апрелде А. Осмонов атындагы Кыргыз Улуттук китепканасында аталган концепциянын долбоору талкууланды.

Ага Президенттин, Өкмөттүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн башчылары, ведомстволук жумушчу топтун мүчөлөрү катышты.

Даярдалып жаткан  концепциянын артыкчылыктуу багыттары — маданият жана искусство, билим берүү жана илим, дене тарбия жана спорт, жаштар саясаты, саламаттыкты сактоо, патриоттуулук жана аскерге чейинки даярдык, этностор аралык биримдикти бекемдөө, массалык маалымат каражаттарындагы айрым маселелер ачыкталды.

Катышуучулар инсандын руханий жактан калыптануусу үзгүлтүксүз жүрүшү керектигин, бул документ кагаз жүзүндө гана калбастан, аны ишке ашыруунун конкреттүү мерчемдери болушу керектигин айтышты.

Ошондой  эле жалпы коомчулукка жеткиликтүү жана түшүнүктүү болуусу, ар бир жарандын инсан катары калыптануусунда пайда бере турган система иштелип чыгуусу керектиги белгиленди.

Концепцияны жүзөгө ашыруу үчүн иш-чаралардын планы түзүлүп, ага чейин мониторинг жүргүзүлөт.

Анда жарандык коомчулуктун, көз карандысыз эксперттердин сунушун эске алуу керектиги да айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости