www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин 5-апрелде дароо бир нече мыйзамга кол койду.

Алардын бири Путиндин өзүнүн президенттик мөөнөттөрүн "жокко чыгарат" Документке ылайык эки мөөнөт президент болгон Орусиянын жараны кайрадан ал кызматка шайлана албайт. Бирок, мамлекеттин азыркы башчысы бул мыйзам күчүнө кире электе президенттик кызматты аркалагандыктан, бул чектөө ага тиешелүү болбойт. Демек, Владимир Путин эми дагы 2 жолу президенттик шайлоого талапкер катары катыша алат.

Владимир Путин 2000-жылы жана 2004-жылы эки ирет президенттикке шайланган. 2008-жылы мамлекет башчысы кызматына Дмитрий Медведев келип, Путин премьер-министр болуп иштеген. 2012-жылы ал үчүнчү мөөнөткө шайланып, ошол эле жылы мамлекет башчынын ыйгарым укуктары төрт жылдан алты жылга узартылган. 2018-жылы төртүнчү жолу шайланган.

Путин былтыр июндун аягында орусиялыктар Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү колдосо, президенттик кызматка талапкерлигин коюшу мүмкүн экенин билдирген. 

"Өзүм үчүн эч кандай чечим кабыл ала элекмин. Конституцияга тиешелүү өзгөртүүлөр кирсе, талапкерлигимди коюшум мүмкүн. Убагы келгенде көрөбүз", — деген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости