www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги социалдык тармактарда жана WhatsApp мессенжерлеринде “үч же андан ашык баласы бар үй-бүлөлөргө үч миң сомдон жөлөк пул берүү боюнча буйрукка президент кол койду” деген маалымат чындыкка туура келбейт деп билдирди.

Министрлик жарандарды жалган маалымат таратып, коомчулукту адаштырбоого чакырды.

Ушул тапта интернетте 3 баласы бар үй-бүлөлөргө жөлөк пул катары 3 миң сомдон мамлекет тарабынан жардам берилип, автоунаалардын айып пулдары азайтылганы жөнүндө буйрук чыкканын айткан бейтааныш аялдын видеосу тарап жатат.

Бүгүнкү күнү жашы жете элек балдардын жөлөк пулу 810 сом, ал эми мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга ай сайын 2000-4000 сом жөлөк пул берилет. Расмий маалыматтар боюнча 810 сом жөлөк пул алган балдардын саны 210 миңден ашуун.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости