www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы өлкө экономикасын колдоого дээрлик эки триллион доллар бөлүү тууралуу президент Жо Байдендин сунушун жактырды.

Документти жалаң демократтар гана колдоп, республикачылардын баары каршы добуш беришти.

Бул каражат коронавируска каршы эмдөө иштерине, кичи бизнести колдоого, жумушсуздук үчүн жана балдарга бериле турган жөлөкпулду көбөйтүүгө жумшалат. Америкалык басылмалардын маалыматы боюнча жалпысынан мындай жардамды өлкөдөгү үй-бүлөлөрдүн дээрлик 90% алат.

Конгресстин төмөнкү палатасындагы добуш берүү — документти кароонун акыркы баскычы. Буга чейин Сенат Байдендин бул сунушун колдоп, бир катар өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин кайрадан Өкүлдөр палатасынын кароосуна жөнөткөн.

Президент документке 12-мартта кол коёт деп күтүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости