www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (IRGC) Ормуз кысыгы аркылуу кемелер Тегеран белгилеген маршрут менен гана өтүшү керек экенин билдирди. Алардын айтымында, Иран менен макулдашылбаган башка каттамдар коопсуздукка коркунуч жаратып, кабыл алынбайт.
24-июнда Оман Ормуз кысыгында кемелер үчүн убактылуу жаңы маршрут сунуштаган. Айрым маалыматтарда бул демилгеге АКШ да көмүскө түрдө колдоо көрсөтүшү мүмкүн экени айтылган.
Иран буга чейин да альтернативдүү каттамдарды четке кагып, Ормуз кысыгынан өтүүнүн жалгыз коопсуз жолу катары өз белгилеген маршрутун көрсөтүп келген. IRGC мурда макулдашылбаган өтүүлөргө көзөмөл күчөй турганын эскерткен.