www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кегети капчыгайында дайынсыз болуп жаткан 6 жаштагы баланы издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-июнь күнү Чүй районундагы Кегети капчыгайында «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү автоунаа сууга түшүп кеткен. Окуянын кесепетинен автоунаанын ичинде болгон 12 жаштагы кыз менен 6 жаштагы бала суунун агымына агып кеткен.

Аталган факты боюнча маалымат Чүй РИИБге катталып, окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча текшерүү иштери башталган.

Издөө-куткаруу иш-чараларынын жүрүшүндө 12 жаштагы кыздын жансыз денеси табылган. Ал эми 6 жаштагы бала азыркы убакка чейин табыла элек.

Учурда баланы издөө иштери улантылып, ага милиция кызматкерлеринен, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана ыктыярчы жарандар болуп 1000 ашуун адам тартылган.

Тиешелүү кызматтар тарабынан издөө-куткаруу иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

Последние новости