www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда рейд учурунда унаа менен жайыт жерлерин тебелеткен фактылар аныкталды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 6 жаранга протокол түзүлүп, 33 миң сом айып салынды.

"Учурда мындай рейддик иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жайыттарды мыйзамсыз тебелеп-тепсөө жана бузуу фактылары үчүн мыйзамдарга ылайык административдик жоопкерчилик каралган. Эреже бузгандарга 5 500 сомдон 20 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн.

Последние новости