www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-сентябрда Ирандын полициясы өлкөдөгү каршылык акцияларын басуу үчүн болгон күчүн жумшай турганын эскертти.

Полиция «Иран Ислам Республикасынын душмандары жана тополоңдун катышуучулары өлкөбүздөгү тартипке, коопсуздукка жана ынтымакка эптеп эле бүлүк салууну көздөшүүдө» деп билдиргенин «Фарс» агенттиги жазды.

Анын алдында Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) ашыкча күч колдонуудан карманууга чакырган эле. Уюмдун баш катчысы Антониу Гуттериш Ирандын президенти Ибраим Раисиге кайрылып, митингчилерге каршы ашыкча күч колдонуудан алыс болууну үндөгөн.

Эки аптадан бери өлкөдө уланып жаткан башаламандыктарда 60 адам мерт кетип, 1200дөй киши кармалганы кабарланды. Ал эми Ирандагы адам укуктары уюму кеминде 76 киши набыт болгонун белгилеп жатат.

Каршылык акцияларынын тутанышына 22 жаштагы Махса Амини аттуу студент кыздын камакта көз жумушу түрткү болду.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы аны көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен. Амининин абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр анын катуу сабалганын айтып беришкен.

Нью-Йорк, Стамбулда да аялдар митингге чыгып, жоолуктарын өрттөп, ирандык аялдарга тилектештик билдирип атышат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости