www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын соту Тегеран провинциясындагы демонстранттарга биринчи жолу алдын ала өлүм өкүмүн чыгарды. Ал өкмөттүк имаратты өрттөп, элдин тынчтыгын бузган, улуттук коопсуздукка каршы кылмыш жасоого аралашкан деп күнөөлүү деп табылганын Ирандын Mizan Online агенттиги билдирди.

Соттолуучу «Кудайдын душманы» деп да жарыяланды. Ал өкүм боюнча даттанса болот. Дагы беш киши улуттук коопсуздукка каршы кылмыштарды жасоого аралашып, тынчтыкты бузган деп беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылды.

Иранда нааразылык акциялары бир жарым айдан бери уланууда. Алар хиджабды туура эмес кийгени үчүн Тегеранда моралдык полиция тарабынан кармалган 22 жаштагы күрд аял Махса Амини каза болгондон кийин башталган. Укук коргоочулардын айтымында, тополоңдо 14 миңден ашуун адам кармалган.

Ирандын президенти Сейиид Ибрахиим Раиси өлкөдөгү толкундоолорго АКШны күнөөлөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости