www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын Куралдуу күчтөрү Түркиянын эгемендүүлүгүн урматтай турганын билдирип, Түркиянын аймагына эч кандай ракета учурулбаганын маалымдашты. Бул тууралуу Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлады.
Ошол эле учурда Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги Иран аймагынан учурулган деп болжолдонгон баллистикалык ракета Түркиянын аба мейкиндигине багыт алганын жана ал НАТОго таандык абадан коргонуу жана ракетага каршы системалар тарабынан Чыгыш Жер Ортолук деңиз аймагында абада жок кылынганын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, ракета Ирак менен Сириянын аба мейкиндиги аркылуу өтүп, Түркия тарапка багыт алган. Хатай провинциясынын Дөртйол районунда табылган сыныктар текшерилип, алардын ракетага эмес, аны жок кылган абадан коргонуу ракетасына тиешелүү экени аныкталган. Окуядан жабыркагандар жок.
Түркиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чаралар көрүлөрүн белгилеп, мүмкүн болгон коркунучтарга жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле бардык тараптарды жаңжалдын күчөшүнө алып келе турган аракеттерден карманууга чакырды.