www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин сот кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата куттуктоосу
Урматтуу сот тутумунун кызматкерлери!
Баарыңыздарды бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Ошондой эле 5-март – Ак калпак күнү менен да куттуктап кетүүгө уруксат бериңиздер!
Ак калпак — улутубуздун улуу мурасы, тарыхыбыздын жана мамлекеттүүлүгүбүздүн символу. Ал ак ниеттүүлүктүн, тазалыктын, адилеттиктин белгиси. Дал ушул баалуулуктар сот адилеттигинин да негизин түзөт. Ак калпакты кастарлаган эл катары биз да адилеттик менен калыстыкты туу туткан сот тутумун бекемдөөгө милдеттүүбүз.
Бул күн сот акыйкаттыгын туу тутууга жан үрөгөн эмгеги менен улуттук сот өндүрүшүнүн мыкты салттарын сактап келе жаткан кызматкерлердин башын бириктирет.
Бүгүнкү күндө сот реформасынын алкагында сот тутумунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу, көз карандысыздыгын бекемдөө жана ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында жаңы мыйзамдар кабыл алынып, иштин сапатына өтүүгө багытталган иш-чаралар кызуу жүрүп жатат. Сот системасын каржылоо жылдан жылга көбөйүп, айлык-маяна жогорулап, материалдык-техникалык базаны жакшыртууга багытталган иш-чаралар күчөтүлдү. Мамлекет жеткиликтүү жана ачык сот тартибин бекемдөө багытында ар тараптуу колдоо көрсөтүп, соттордун натыйжалуу иштешине шарт түзүүдө.
Жасалып жаткан иш-чаралардын баары өлкөбүздө адилеттүү сот тутумун калыптандырууга багытталган. Анткени адилеттүү сот түзүмү өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этет. Ал жарандардын тең укуктуулугун камсыздап, мыйзамдын негизинде кабыл алынган чечимдер аркылуу коомдун сотко болгон ишенимин бекемдейт.
Сот тутуму — өлкөнүн көз карандысыздыгын сактоодо өзгөчө маанилүү институт. Күчтүү жана көз карандысыз сот бийлиги болмоюнча укуктук мамлекетти толук кандуу куруу мүмкүн эмес. Мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу, адам укуктарын коргоо жана мамлекеттик туруктуулукту бекемдөө – бул сот системасынын түздөн-түз милдети.
Укуктук мамлекетти түзүүдө ар бирибиздин ордубуз бар. Күчтүү сот тутумун куруу — баарыбыздын ар-намысыбызда, ал эми элибиздин сотторго болгон ишенимин актоо — биздин жарандык жоопкерчилигибиз.
Белгилей кетүүчү жагдай, өткөн жыл сот тутуму үчүн олуттуу жетишкендиктердин жылы болду. Сот органдарына түшкөн иштердин саны кыйла өстү: эгер 2024-жылы 247 миңден ашуун иш каралса, 2025-жылы бул көрсөткүч 318 миңден ашты. Бул сот системасына болгон суроо-талаптын жана жоопкерчиликтин артканын көрсөтөт.
2025-жылы Жогорку сот тарабынан сунушталган төрт мыйзам жана он мыйзам алдындагы ченемдик акт кабыл алынды. Бул мыйзамдык демилгелер сот өндүрүшүн өркүндөтүүгө жана укуктук жөнгө салууну жакшыртууга багытталган.
Мындан тышкары, 2025-жыл Пленумдун ишмердүүлүгүндө өзгөчө активдүүлүк менен айырмаланды. 1991-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин кабыл алынган Пленум токтомдорун комплекстүү ревизиялоо жана жаңылоо боюнча олуттуу иштер жүргүзүлдү. Эгер 2024-жылы үч токтом ревизиядан өткөрүлгөн болсо, 2025-жылы отуз жети токтом кайра каралып, заман талабына ылайык жаңыланды. Бул сот практикасында бирдиктүү жана туруктуу укук колдонууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле өткөн жылы Жогорку сот калк менен кайтарым байланыштын жаңы механизмин ишке киргизди. Сот имараттарына QR-коддор орнотулуп, жарандар сот кызматкерлеринин мамилесине, соттук териштирүүлөргө жана судьялардын ишине баа берип, өз пикирлерин калтырууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул кадам соттук процесстин ачык-айкындуулугун арттырып, элдин ишенимин бекемдөөгө жана сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга багытталган.
Белгилүү болгондой сот адилеттигинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, жарандардын сот процессине болгон ишенимин арттыруу, сот ишинин жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында, 2026-жылдын 1-январынан тартып сот отурумдарын онлайн көрсөтүүнү киргизүү жөнүндө Президенттин Жарлыгы чыккан. Мен аймактарды кыдырганда дал ушул маселеге өзгөчө басым жасап, тез арада сот отурумдарын онлайн көрсөтүүнү тездетүү туурасында тапшырманы койдум.
Өткөн жылы сот тутумунда мамлекеттик программаларды ишке ашыруу багытында олуттуу иштер жүргүзүлдү. 2021–2026-жылдарга карата Мамлекеттик максаттуу программанын алкагында сот системасын өнүктүрүү боюнча комплекстүү чаралар аткарылып жатат жана 2027–2030-жылдарга жаңы программаны иштеп чыгуу башталды.
Сот департаментинин бюджети көбөйүп, бул сот инфраструктурасын системалуу өнүктүрүүгө, капиталдык курулуштарды жүргүзүүгө жана кызматкерлердин социалдык корголушун чыңдоого шарт түздү. Аймактарда жаңы сот имараттары курулууда, бир катар райондук соттор үчүн жаңы имараттардын курулушу жүрүп жатат. Жогорку соттун имаратын капиталдык оңдоо иштери башталды.
Судьялардын мамлекет тарабынан финансылык каржылоосу бир нече этап менен жогорулатылды. Бул сот бийлигинин көз карандысыздыгын бекемдөөдөгү маанилүү чечимдердин бири болду. Учурда жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу багытында активдүү иштер жүрүүдө.
Сот тутумунда кадр саясатын өркүндөтүү багытында реформалар жүргүзүлдү. Судьялардын ишмердүүлүгүн кесиптик баалоо боюнча комиссия түзүлдү. Биринчи инстанциядагы судьялардын кызмат орундарына талапкерлердин резерви институту киргизилди. Ротация иштери улантылып, бул сот адилеттигинин сапатын жогорулатууга багытталды.
Санариптештирүү багытында да олуттуу кадамдар жасалды. Иш кагаздары толугу менен электрондук форматка өткөрүлдү, маалыматтык системаларды интеграциялоо иштери жүрүүдө, сот отурумдарын ачык видеотрансляциялоо боюнча пилоттук долбоор ишке кирди. Бул ачык-айкындуулукту жана коомдун ишенимин арттырууга багытталган.
Өткөн жыл сот тутуму үчүн эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана бекемдөө багытында да маанилүү кадамдар менен коштолду.
Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык сотунун Пленумунун жыйынында Кыргыз Республикасы активдүү позициясын көрсөтүп, жетекчилик курамды түзүүгө байланыштуу демилгелерди көтөрдү. Натыйжада өлкөбүз аталган сотто төраганын орун басарлыгы деңгээлинде өкүлчүлүк кылууда жана алфавиттик кезектүүлүк принцибине ылайык жакынкы жылдары төрагалык Кыргыз Республикасына өтөт. Бул биздин регионалдык сот кызматташтыгындагы ролубуздун жогорулаганын айгинелейт.
2025-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кытай Эл Республикасында өткөрүлгөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын 20-жыйыны жогорку деңгээлде катышты, бул Жогорку соттордун төрагаларынын жыйынына трансчекаралык талаштарды кароо, укуктук чөйрөнү туруктуу жана ачык өнүктүрүү маселелери талкууланды, жыйынтыгында катышуучулар биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул форматтагы кызматташтык мындан ары да улантылат.
2025-жылдын 8-майында Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Жогорку сотторунун конференциясынын Статутуна кол коюлушу сот системаларынын ортосундагы кызматташууну жаңы деңгээлге чыгарды. Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын жогорку сот органдарынын башын бириктирген бул аянтча тажрыйба алмашууну, координацияны жана укуктук диалогду өнүктүрүүгө багытталган.
Эл аралык багыттагы бул иштер Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ачык-айкындыкка, өз ара ишенимге жана глобалдык укуктук мейкиндикте активдүү кызматташууга умтулуусун айкын көрсөтөт.
Өткөн жыл сот тутуму үчүн эл аралык деңгээлдеги маанилүү окуялар менен да белгиленди. Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин 2025-жылдын 6-августундагы Жарлыгы менен Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин элдеринин ортосундагы кызматташтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Евразия экономикалык сотунун Төрагасынын орун басары Ажибраимова Айжамал Мусуратбековна Достук ордени менен сыйланды.
Бул жогорку сыйлык — жалпы сот тутуму үчүн чоң сыймык. Бүгүнкү жыйынга Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов атайын келип, аталган сыйлыкты расмий түрдө тапшырары да биз үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул — кыргыз сот адилеттигинин эл аралык деңгээлде таанылып жаткандыгынын айкын далили.
Ажибраимова Айжамал Мусуратбековнанын жетишкендиги ар бир судья үчүн үлгү болушу керек. Эл аралык ишенимге татыктуу болуу — бул күнүмдүк ак ниет эмгектин, жогорку кесипкөйлүктүн жана принципиалдуулуктун жыйынтыгы.
Алдыдагы максаттар да чоң. Бишкек шаарында жана аймактарда жаңы Сот адилет үйлөрүнүн курулушу башталат. Судьяларды жана кызматкерлерди мамлекеттик ипотекалык механизмдер аркылуу турак жай менен камсыз кылуу маселеси ишке ашырылат. Жогорку соттун имаратын оңдоо иштери аяктайт.
Биздин негизги максатыбыз — элдин сотко болгон ишенимин арттыруу. Бул үчүн ар бир судья мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү чечим чыгарууга милдеттүү. Сот адилеттиги жөн гана мыйзам нормаларын колдонуу эмес, ал адамдардын тагдырына жоопкерчилик менен мамиле кылуу.
Соттор элге жакын болуп, эл үчүн иштеши керек. Ар бир жарандын укугу ишенимдүү корголоруна ишендирүү биздин ыйык милдетибиз.
Биз коомдун ишенимин актай алган учурда гана күчтүү жана көз карандысыз сот тутумун калыптандыра алабыз. Адилеттүү, ачык жана жоопкерчиликтүү сот — туруктуу мамлекеттин тиреги.
Сотторду негиздүү дагы, негизсиз дагы сындап келишет. Бирок, биз сындарга сынып калган жокпуз, тескерисинче, ошол сындарды туура кабыл алып, кемчиликтердин жоюунун үстүндө иштеп жатабыз.
Элге жакын сот, коомго жарык, адилет чечим — мамлекетке тирек, деп айтылгандай, сот тармагынын келечеги жана кадыр-баркы — сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө, жоопкерчилигиңиздерге жана принципиалдуулугуңуздарга түздөн-түз байланыштуу.
Сот адилеттигинин сапаты – мамлекетибиздин эл аралык аброюнун да көрсөткүчү.
Эгемендүү өлкөбүздүн бардык сот кызматкерлерин кесиптик майрамы менен дагы бир жолу чын жүрөктөн куттуктайм!