www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 5-мартта "Манас" эл аралык аэропортуна "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы тарабынан аткарылып жаткан Оман–Бишкек каттамынын келиши күтүлүүдө.

Аэропорттон билдиришкендей, каттам Кыргызстандын жарандарын Мекенге кайтаруу максатында Тышкы иштер министрлиги, Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана "Кыргызстан аэропорттору" ААК тарабынан ишке ашырылууда.

"Учурда каттам кечигүү менен аткарылып жатат. Буга Оман мамлекетинин аэропорт жана чек ара кызматтарындагы ашыкча жүктөм себеп болууда. Бир катар мамлекеттер өз жарандарын Омандын аймагы аркылуу эвакуациялап жаткандыктан, адамдардын агымы жана эвакуациялык каттамдардын саны кескин көбөйгөн", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмираттары менен Омандын ортосундагы мамлекеттик чек арадан өтүү процедуралары да кошумча убакытты талап кылды.

"Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы мамлекеттик органдар менен макулдашуунун алкагында каттамдын коопсуз аякташы үчүн бардык зарыл болгон уюштуруу жана оперативдүү иш-чараларды камсыз кылууда.

Зарылчылыкка жараша кошумча маалымат берилет.

Последние новости