www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда өткөн жуманын ишемби күнүнөн  бери интернет жок. Буга мунайдын баасынын кымбатташынан улам митингдер күч алып, ал бир нече шаарларга тараганы себеп болгон.

Айрым маалыматтарга таянсак, нааразычылык акциясына чыккандар банктарга жана өкмөт имараттарына өрт коюшкан. Полиция демонстранттарды таратуу үчүн ок аткан.

Андан сырткары, адам укуктарын коргогон Amnesty International уюму тарабынан 106 киши өлгөнү кабарланган. 

 Бул кырдаалга АКШнын президенти Трамп Иран өкмөтүн күнөөлөп, “кишилердин өлүмү менен үрөй учурган окуяларды жашырып калуу үчүн интернет байланышын үзүп салды”, -деп билдирди.

Эскерте кетсек, АКШ Ирандагы "коррупциялашкан режимге" каршы нааразычылык акцияларына чыгып жаткан элдин мүдөөсүн кубаттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Морган Ортагус 16-ноябрда "Твиттерге" жазды. "АКШ коррупциялашкан бийлик режимине каршылыгын билдирип жаткан Иран элин кубаттайт. Биз Иран бийлигинин интернетти өчүрүү аракетин сындайбыз", -деп жазган ал.

Дүйнө жүзүндөгү интернеттин абалын иликтөөчү "NetBlocks" уюму Иранда интернет дээрлик толугу менен өчүрүлгөнүн маалымдаган.

Эске салсак, Ирандын  бир катар аймактарында эл нааразычылык билдиришкен. Буга, күйүүчү майдын баасын кымбаттатуу жана аны сатууга квота киргизүү тууралуу өкмөттүн чечими себеп болгон. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости