www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын түштүгүндөгү Шираз шаарында Шах-Черах мавзолейинде ок аткан жоочу Тажикстан жараны болгон. Бул тууралуу Ирандын расмий маалымат агенттиги билдирди.

Окуя 26-октябрда болгон. Шах Черах күмбөзүнүн жанында кечки намаз окулуп жаткан маалда белгисиз адам туш келди ок чыгарган. 13 киши өлүп, 27си жараат алганы айтылган.

“Ислам мамлекети” террордук тобу кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган. Associated Press агенттиги бийлик ага чейин эч бир далилсиз бул үчүн өкмөткө каршы митингдердин катышуучуларын күнөөлөгөнүн жазган.

ИРНА агенттиги 7-ноябрда мавзолейде ок чыгарган жоочу Тажикстандан чыккан “Абу Аиша” каймана аты менен белгилүү Субхон Комрони экени аныкталганын билдирди. Ал кармоо учурунда алган жаракаттарынан кийин ооруканада көз жумган.

Ирандын чалгын министрлигинин маалыматына караганда, күмбөздө кол салууну уюштурууга катышы бар деген шек менен 26 киши кармалган. Алардын баары Азербайжан, Тажикстан жана Ооганстан жарандары.

22 жаштагы студент кыз 16-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалып, көз жумганы белгилүү болгондон кийин Ислам жумуриятынын булуң-бурчунда нааразылык акциялары башталган. Бийлик демонстрацияларды күч менен басып келатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости