www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу кырсыктардан «ар бир инсанды коргоо» үчүн, алдыдагы 5 жылда 3,1 миллиард долларлык баштапкы инвестиция менен Бардыгы үчүн эрте эскертүү иш-аракеттер планы ишке киргизилет. Бул тууралуу трт.нет кабарлады.
Бул планды Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриш Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында 6-18-ноябрда өткөн Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясынын (БУУНЧК) Тараптардын 27-конференциясынын (COP27) Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинде сунуштады.
Климаттын өзгөрүшүнө жана адам аракетинен келип чыккан экстремалдык аба ырайы окуяларынан улам күчөгөн климаттык кырсыктарга каршы бүткүл дүйнө жүзү боюнча адамдарды эрте эскертүү системалары менен коргоо максатында иштелип чыккан план 2023-2027-жылдар аралыгында жасала турган кадамдарды камтыйт.
Жакынкы 5 жылда киши башына $50/цент же жалпысынан $3,1 млрд баштапкы инвестиция менен ишке киргизиле турган план төрт негизги беренени камтыйт: кырсык коркунучу жөнүндө маалымат, байкоолор жана болжолдоолор, даярдык жана жооп кайтаруу жана эрте эскертүү системалары.
Кырсык коркунучунун маалымат тутумдарын өнүктүрүүгө 374 миллион доллар, байкоо жүргүзүү жана болжолдоо үчүн 1,18 миллиард доллар, даярдык жана жооп берүү кадамдарына бир миллиард доллар жана байланыш тиреги үчүн 550 миллион доллар инвестициялоо максатталган.
Дүйнө калкынын дээрлик жарымында кырсыктарды алдын ала эскертүү системасы жок болсо да, кырсыктардын көбөйүшү бул системалардын актуалдуулугун көрсөтүп турат.
Планды түшүндүрүп жатып, Гутерриш тынымсыз өсүп жаткан парник газдарынын эмиссиясы планетада экстремалдык аба ырайы окуяларын күчөтүп жатканын айтты.
Антониу Гутерриш климаттык кырсыктардан улам согушка караганда үч эсе көп адамдар жер которгондугун баса белгиледи.
Гутерриш Африка, Түштүк Азия, Түштүк жана Борбордук Америка жана чакан арал мамлекеттериндеги адамдардын климаттык кырсыктардан 15 эсе көп каза болгонуна көңүл бурду.
Гутерриш эрте эскертүү системасы өнүкпөгөн өлкөлөрдө апааттардан каза болгондордун системалары өнүккөн өлкөлөргө караганда 8 эсе көп болгонун белгилеп: «Бул система менен биз ажырымды жоюуну максат кылып жатабыз. Бул контекстте Дүйнөлүк метеорология уюму жана БУУнун Кырсык коркунучун азайтуу бюросу пландын натыйжалуу аткарылышын жана жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн консультациялык комитет түзөт. Бул комитет жыл сайын пландын аткарылышы боюнча пландагы иштеп чыгуулартууралуу отчет берип турат»,- деди.
Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюмунун башкы катчысы Петтери Таалас жакындап келе жаткан климаттык кырсыктын 24 сааттык алдын ала эскертүүсү келтирилген зыянды 30 пайызга азайта ала турганы тууралуу маалымат менен бөлүштү.
Египеттин тышкы иштер министри жана COP27нин президенти Самих Шукри климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирине каршы колдоого муктаж болгондор үчүн чукул чара көрүлүшү керектигин айтып: «Бул пландын ишке кириши климаттын өзгөрүшүнө көнүү жана туруктуулук үчүн маанилүү салым болуп саналат, өзгөчө Африкада калктын 60 пайызында эрте эскертүү системасы жок»,-деп өз баасын берди.