www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандагы мунай иштетүүчү заводдордо жана күйүүчү май сактоочу кампаларда болгон жарылыктардан кийин атмосферага көтөрүлгөн уулуу түтүн булуту чыгыш багытта жылып, Борбор Азия жана Кытай тарапка тарашы мүмкүн. Бул тууралуу эл аралык маалымат каражаттарына таянып маалыматтар тарады.
Маалыматтарга ылайык, Ирандын борбору Тегеранда ири өрт чыккан. Билдирүүлөргө караганда, Израил авиациясынын Ирандын мунай инфраструктурасына жасаган соккуларынан кийин Тегерандагы мунай базаларынын биринде күйүүчү май төгүлүп, шаардын дренаждык каналдарына тараган. Мунун кесепетинен өрт бат күчөп, жалын шаардын көчөлөрүнө чейин жайылган.
Күбөлөр тарткан видеолордо төгүлгөн мунайдын күйүп, оттун көчөлөр аркылуу жайылып жатканы көрүнөт. Окуядан кийин Тегеран шаары калың түтүнгө оронуп, айрым райондордо кислоталуу жамгыр жааганы тууралуу маалыматтар тарады.
Эл аралык гуманитардык уюмдар тургундарды коопсуздук чараларын сактоого чакырууда. Кызыл Крест уюму мүмкүн болушунча үйлөрдөн чыкпоону же сыртта болуу убактысын минималдуу деңгээлге чейин кыскартууну сунуштады.
Мындан тышкары Батыш өлкөлөрүндө мунай сактоочу кампаларга жана мунай иштетүүчү объекттерге сокку урбоо керектиги тууралуу пикирлер айтылууда. Айрым саясатчылар мындай аракеттер олуттуу экологиялык кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.
Адистердин айтымында, жарылыктардан кийин атмосферага чыккан уулуу түтүн булуту чыгыш тарапка жылып, Борбор Азия жана Кытай аймагына жетиши ыктымал.
Алдын ала божомолдор боюнча мүмкүн болгон коркунуч аймагына Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан да кириши мүмкүн. Учурда адистер абалды тыкыр көзөмөлдөп жатышканын жана атмосфералык булгануунун жайылышы боюнча так маалыматтар жакынкы убакта жарыяланарын билдиришти.