www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына катышуу үчүн Бишкекке келишти.

Балбандарды аэропорттон Кыргыз Күрөш Федерациясынын өкүлү, Ирандын Кыргызстандагы Консулу, Маданий өкүлү Абдул Реза Сейфи жана журналисттер тосуп алышты.

Грек-рим күрөшү боюнча Ирандын улуттук курама командасы:

  • 55 кг: Мохаммад Хоссейнванд Панахи;
  • 60 кг: Али Ахмади Вафа;
  • 63 кг: Эрфан Джаркани;
  • 67 кг: Ахмадреза Мохсеннеджад;
  • 72 кг: Мохаммад Джавад Резаи;
  • 77 кг: Али Оску;
  • 82 кг: Мохаммад Амин Хоссейни;
  • 87 кг: Голамреза Фаррохи;
  • 97 кг: Мохаммад Хади Сарави;
  • 130 кг: Амин Мирзазаде.

Башкы машыктыруучу: Хасан Рангарз;

Машыктыруучулар: Хасан Хоссейнзаде, Бабак Вали Мохаммади, Фаршад Ализаде, Мехди Алиари.

Бишкек шаарында спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты 6–12-апрель күндөрү өтөт. Аталган ири мелдеш Азия чөлкөмүнүн күчтүү балбандарын бириктирип, “Жаштык Арена” спорттук комплексинде уюштурулат.

Мелдештер грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча өтөт. Жалпысынан 350гө жакын балбан катышып, 30 комплект медаль ойнотулат.

Чемпионаттын программасы күрөштүн түрлөрүнө жараша төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • 6–8-апрель күндөрү грек-рим күрөшү боюнча мелдештер өтөт;
  • 8–10-апрель күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер болот;
  • 10–12-апрель күндөрү эркин күрөш боюнча таймаштар уюштурулат.

Последние новости