www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шыкмаматов: «Bvlgari» кыргызстандык зергерлерди окутат

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов эл аралык “Bulgari” зергер компаниясы жергиликтүү зергер-дизайнерлерди окутуу жана алтын буюмдарды чыгаруунун эл аралык стандарттарын киргизүү үчүн Кыргызстанга келүүнү пландап жатканын билдирди.

Анын айтымында, компания даяр алтын менен зер буюмдарды жасоону өнүктүрүүгө жардам бермекчи.

“Жакында, 14-майда Кыргызстанга “Bulgari” компаниясынын өкүлдөрү келишет. Алар зергерлер үчүн окутууларды өткөрүп, жогорку класстагы зер буюмдарды жасоо тажрыйбасы менен бөлүшүшөт. Алар жөн гана алтын куймаларын куюуну эмес, даяр продукцияны — зер буюмдарын жасоону сунуштап жатышат. 50 адамды дизайн өнөрүнө окутуу биздин тармак үчүн тарыхый окуя болуп калышы мүмкүн”, – деди Шыкмаматов.

Салык кызматынын башчысы белгилегендей, эл аралык инвесторлор эмгек мыйзамдарынын сакталышына, экологияга жана сот адилеттигинин деңгээлине өзгөчө көңүл буруп, моралдык жана этикалык стандарттарды баарынан жогору коюшат.

Шыкмаматов “Bulgari” компаниясын жакында эле байлыгы 170 млрд долларды түзгөн дүйнөлүк олигарх Бернар Арно сатып алгандыгын маалымдады.

Последние новости