www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төраганын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйыны өттү 

Жыйынга Төрага Марлен Маматалиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты. 

Төрага аталган Кеңеш 2017-жылы бизнес чөйрөсүнүн мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү, инвестициялык абалды жакшыртуу жана ишкерликти колдоого алуу максатында түзүлгөнүн эске салып: «Бирок соңку үч жыл аралыгында Кеңештин иши үзгүлтүккө учурап, ал тургай жыйындары да өтпөй калган. Андыктан, Кеңештин ишин кайрадан жандантып, ишкерлер менен депутаттардын кызматташтыгын күчтөндүрүү максатында чогулуп олтурабыз. Бул жолугушуу жөн гана баарлашуу иретинде эмес, маанилүү маселелер талкууланып, олуттуу сунуш-пикирлер көтөрүлгөн аянтча катары кызмат кылат деген ишеничтемин», – деди. 

Ошону менен катар өлкө башчысы да ишкерлерди колдоо маселесине өзгөчө көңүл буруп жатканына токтолгон Төрага: «Алсак, Президентибиз жакында эле бизнес текшерүүлөргө убактылуу тыюу салган Жарлыгын чыгарды. Бул Жарлык экономикалык активдүүлүктү стабилдештирүүгө арналып, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, инвестициялык климатты оңдоо жана мамлекеттик органдардын ишкердикке ашыкча кийлигишүүсүн азайтууга багытталган. Мораторийдин алкагында мамлекеттик көзөмөл органдары ишкерлерге консультация берүү менен алектенишет, бул мыйзамдарды сактоого, ошондой эле сунуштар жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө мүмкүндүк берери анык», – деди. 

Мындан тышкары, тармактагы айрым көйгөйлөргө токтолгон Марлен Маматалиев ишкерлерди коргоо, аларга карата административдик басымды жоюу жана каржылык колдоону күчөтүү жаатындагы сунуштары менен да бөлүштү. 

«Андыктан аталган багыттагы Президентибиздин саясатын жигердүү улантып, керектүү мыйзамдык базаны чыңдашыбыз керек. Тагыраагы, Кеңеште көтөрүлгөн сунуш-пикирлерге ылайык, ишкердик чөйрөнү жана инвестициялык климатты жакшыртууга, атаандаштыкты жөнгө салууга, өндүрүштү күчтөндүрүп, кайра иштетүү тармагын алдыга жылдырууга тиешелүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, кабыл алышыбыз зарыл», – деп кошумчалады.

Жыйында тармактагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүү маселелерин камтыган баяндамалар жасалып, түрдүү сунуштар көтөрүлдү. Ошону менен бирге Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин ишин туруктуу жүргүзүү максаты коюлду. 

Последние новости