www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Ормуз кысыгы жабылганын жана агрессивдүү мамлекеттерге жана алардын тарапташтарына тиешелүү кемелер үчүн жеткиликсиз бойдон каларын билдирди. Ал Ормуз кысыгына кандай гана болбосун чет элдик кийлигишүү олуттуу жана кеңири кесепеттерге алып келерин эскертти.
Масуд Пезешкиан бул тууралуу Европалык кеңештин президенти Антониу Кошта менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө айткан.
Президент Пезешкиан АКШ жана Израилдин Иранга каршы кол салууларын эл аралык укуктун жана принциптердин ачык бузулушу катары баалады.
Ал европалык өлкөлөрдү Иранга карата терс жана конструктивдүү эмес мамиледен баш тартып, анын ордуна эл аралык укукка негизделген, кызматташтыкты өнүктүргөн саясат жүргүзүүгө чакырды.
Ирандын өзүн коргоо укугун кайрадан белгилеп, Пезешкиан аймактагы туруктуулуктун бузулушу, айрыкча Ормуз кысыгына байланыштуу кырдаал, АКШ менен Израилдин кастык аракеттеринин түздөн-түз натыйжасы экенин кошумчалады.
Ал дагы бир жолу европалык өлкөлөрдү Иранга карата саясатты эл аралык укукка ылайыкташтырууга чакырды.
Европалык кеңештин президенти Антониу Кошта өз кезегинде жаңжалдын геосаясий жана экономикалык кесепеттерине тынчсыздануусун билдирди. Ал европалык өлкөлөр Иранга каршы кол салууларды колдобой турганын айтып, маселени тынч жол менен чечүү зарылдыгын баса белгиледи.