www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда колдоо тапты
Маалымат менен Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Нуржамал Төрөбекова тааныштырды.
Мыйзам долбоорун иштеп чыгуунун максаты анын жоболорун Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине жана Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 6-августундагы «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамынын жаңы редакциясына ылайык келтирүү болуп саналат. Анын негизинде «Кыргыз Республикасынын «Электр жана почта байланышы жөнүндө» мыйзамы»» деген сөздөрдү «Кыргыз Республикасынын Санариптик кодекси» деген сөздөргө алмаштыруу сунушталууда.
Талкуу маалында депутаттар Бурул Аманова, Медербек Алиев жана Таалайбек Сарыбашов алыскы чек арага чектеш аймактарды аймактарды ата-мекендик телеканалдардын көрсөтүүлөрү менен камсыздоо боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканын сурашты.
Депутат Медина Кайрылбекова онлайн платформалар аркылуу жеңил акча табууга үндөгөн жарнамаларды чектөө керектигин билдирди. Депутат Махабат Мавлянова мамлекеттик телеканалдар аркылуу улуттук идеологияны жана баалуулуктарды, ошондой эле таалим-тарбиялык мааниси жогору берүүлөрдү көбүрөөк көрсөтүүнү сунуштады.