www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жергиликтүү маалымат каражаттары Ирандын жогорку кызматкери Тегерандагы резиденцияга жасалган АКШ менен Израилдин чабуулунан оор жаракат алганын билдиришти.

Маалыматтарга караганда, Тышкы мамилелер боюнча стратегиялык кеңештин башчысы жана мурдагы тышкы иштер министри Камал Харрази үйүнө жасалган кол салууда жаракат алды.

Харрази оор жаракаттарынан улам ооруканага жаткырылды, ал эми аялы кол салууда каза болду.

Камал Хааррази маркум Жогорку лидер Али Хаменеинин улук кеңешчиси эле.

Ал өзүнүн кызматын улантып жаткан, анткени жаңы Жогорку лидер Можтаба Хаменеи атасынын тушунда кызмат өтөгөн чиновниктерди алмаштыра элек болчу.

АКШ жана Израиль 28-февралдан бери Иранга каршы абадан сокку уруп, Али Хаменеини кошкондо 1340тан ашык адамдын өмүрүн алды.

Иран болсо Израилге, ошондой эле АКШнын аскердик күчтөрү жайгашкан Иорданияга, Иракка жана Перс булуңундагы мамлекеттерге каршы дрондук жана ракеталык чабуулдар менен жооп кайтарды.

Кол салуулар курмандыктарга жана инфраструктуралык зыянга алып келип, дүйнөлүк рыноктордун жана авиациянын ишин үзгүлтүккө учуратты.

Последние новости