www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкина жана «Социал-демократтар» партиясынын өкүлү кармалды. Бул тууралуу 14- ноябрда Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
13-ноябрда социалдык тармактарда «Социал-демократтардын» штаб башчысы делген Ирина Карамушкинанын Д.Ч. аттуу адам менен сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусу тараган.
Милиция анда 17-ноябрда өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын добуштарын сатып алуу талкууланган деп эсептейт. Аталган факт КР Кылмыш- жаза кодексинин 196-беренеси (добуштарды сатып алуу) боюнча каттоого алынган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, Т.Р. аттуу жаран партиянын шайлоо алдындагы штабынын координатору Карамушкина менен макулдашып, шайлоочулардын добуштарын 1 000 сомдон сатып алууну жүзөгө ашырган.
ИИМ билдиргендей, партиянын штабында тинтүү учурунда далилдер табылган. Т.Р. аттуу жаран 15 миң сомдон 30 миң сомго чейин 40 адамга жана 28,3 миң сомго чейин акча таратылганы тууралуу жазылган документти жок кылууга аракет кылган. Карамушкина жана Т.Р. тергөө абагына киргизилип, учурда тергөө жүрүп жатат.