www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алыскы Исфананын бала бакчасындагы жемкордук маселеси фейсбукта көтөрүлдү. Социалдык түйүндө Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ирсалат Ниязалиева бала бакчаларга электрондук кезекке өтүү жөнүндө кулактандыруу берген. Анын астына жергиликтүү тургун Абалбек Абдыкааров бала бакчаларга колунда барлардын балдары кирип, бюджеттик кызматкерлердин балдары кире албай жатышканын, көмүскөдөгү жемкордук гүлдөп жатканын билдирген. Ал “Барчын” бала бакчасынын жетекчиси Роза Мамажанованы жемкор деп айыптап, аны кызматтан кетирүү керектигин айткан.
Аталган тургунга жооп кылган билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ирсалат Ниязалиева “сабаттуу жазып алыңыз”, “сиз кимсиз, мен отчет бергидей жана ачык сүйлөшкүдөй”, “арам ойлоруңузду элдин атына жамынып сүйлөбөңүз” деген эмоциялуу полемикага кирип кетти. Бала бакчанын жетекчисин коргогон Ниязалиева өзүнөн жана Мамажановадан кечирим суроону талап кылды. Ал эми бала бакчадагы жемкордук жана аты аталган жетекчинин ага катыштыгы тууралуу кеп кийинки планга жылып калды.
Бала бакчанын жетекчиси Роза Мамажанова ата-энелерди талкууга кошулууга чакырып, аны жемкордукка айыптап жатышканын, ошондуктан кимден акча алган болсо ачык айтуусун суранды. Ал ошондой эле Абалбек Абдыкааровго 30-сентябрга чейин айткандарын төгүндөөнү же жемкордук боюнча далилдерин алып келүүсүн талап кылып, болбосо сотко кайрылаарын эскертти.
Талкууга кошулган колдонуучулардын бири (жергиликтүү тургун болсо керек) бала бакчалардагы акча жыйнамай көйгөйү тууралуу суроолорду кабыргасынан койду. “Мыйзамда бала бакчалардын ремонту үчүн ата-энелерден акча алуу барбы? Же милдеттүү түрдө акча берип ремонт жасаш керекпи? Азыр ачык айтып эле, бала бакчаларга акча алып жатат. Органдар дагы эч нерсе кылбайт”, - деди Жаннатай Абдухалиева аттуу колдонуучу. Кеңешбек Шамшиев аттуу башка бир колдонуучу “жетекчилик кызматта пенсионерлер иштеши мүмкүн эмес!” – деген пикирин билдирди.
“Барчын” бала бакчасынын тарбиячысы Кристина Берген да талкууга кошулуп, өз пикирин айтууну милдети деп эсептеди, сыягы. “Он эки жылдан бери “Барчында” иштейм, бул аралыкта эки жетекчи менен иштештим жана алардын ишин салыштырдым. Мурда бул бала бакча бузулуп жоголуу чегинде болчу, Роза Абдуллаевна келгени бала бакча таанылгыс өзгөрдү. Роза Абдуллаевнанын эмгектерин санап отурсам жай түтпөйт, бир сөз менен айтканда азыр ата-энелер абдан ыраазы. Ушундан кийин да силер балдарды кезексиз кабыл алат жана алар үчүн чоң сумманы алат деп айткыңар келет! Тартипке жана таза эмгекке көнбөгөн адамдар бул сандыракты жазышат. Бир кишиге ишенбегиле!”, - деди бала бакчанын кызматкери.
Бала бакчалардагы жана мектептердеги жемкордуктар, ата-энелердин чөнтөгүн кактаган акча чогултмайлар Кыргызстандын бардык аймактары боюнча айтылып келет. Билим берүү системасындагы бул көйгөй азырынча өз чечимин таба элек. Жогоруда аталган маалыматтарга Билим берүү министрлиги менен жергиликтүү укук коргоо органдары өз бааларын берээр-бербеси азырынча белгисиз.
Булак: NazarNews.kg