www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"ФЕЙСБУКСТАН" группасынын негиздөөчүсү экенимди билесиздер. Ал жакта бир гана жылдын аягында мыктылардын тандоо үчүн колдонбой, коомдогу талкуудагы маселелерди да сурамжылоо аркылуу калчап туралы деген пикирге келгенбиз. Ошонун негизинде төмөндөгүдөй суроолор берилип, жыйынтык чыкты:
-"АША камалыш керекпи?"-деген суроого 75 адам жооп берип, анын 68и "ооба, камалышы керек" деген вариантты тандаган. Ал эми 7 киши АШАга карата кылмыш иши козголбошуна тилектеш экенин билдирген.
Жеке оюм: АША Кыргызстанда биринчи болуп жазуучулардын ырыскысын тартып алып, биринчи болуп мамлекеттин мүлкүн менчиктештирген начар адам.
- "Депутаттар сунуш кылган мамлекеттик денгээлдеги тойлорго 5 жылга мораторий жарыяланышы керекпи?", деген суроого 121 киши жооп берип, 118 респондент тойлорду токтотуш керек экендигин каалашса, 3 киши тойлогонду жактыраарын билдиришкен.
Жеке оюм: такыр өткөрбөй койбой, Чыңгыз Айтматов сыяктуу инсандарды унутта калтырбай белгилеп, Нарын 150, Ош 3000 сыяктуу мааракелерге акча коротуштун кереги жок деп ойлойм.
- "Парламентке депутаттар бир мандаттуу округдан шайланып келгени жакшы деген демилгени колдойсузбу?" деген суроого 65 адам жооп берип, анын ичинен 54 адам 1 мандаттуу окургга кайтышыбыз керектигин белгилешсе, 7 адам жарымы партиялык тизме менен, жарымы 1 мандаттуу округдан шайланса дешкен. Ал эми 4 адам азыркындай эле партиялык система жакшы экен дешти.
Жеке оюм: биз 1 мандаттуу системага келмейинче парламентке азыркыдай тантыктар, криминалдар, бизнесмендер келе беришет.
- "Зере аттуу ырчы кыздын клиби, ырына пикириниз кандай?" деген суроого 189 адам жооп берип, анын 155и мындай клиптерди жактырбаган вариантты тандашса, 34 адам Зерени колдоп добуш беришкен.
Жеке пикирим: Эң алгачкылардан болуп мен сындап чыктым. "С ума по одиночке сходят" деген кепти эстеп, мен эле туура эмес ой жүгүртүп атамбы же эл деле ошентип ойлойбу деген максатта сурамжылоо өткөргөм. Зерени колдогондор батыштын таасирине киргендер, "киргиздер", таза шаардыктар, исламдан алыс атеисттер, теңирчилер, НПОшниктер, айылдыктарды "мырктар" деп ойлоп жүргөндөр колдоорун байкап жүрсөм, 189 адамдын 155и мендей позицияда экенин көрүп, эл менен эле турбаймынбы деп жай алып калдым.
- "СОТТОРГО ИШЕНЕСИЗБИ?" деген суроого 64 адам жооп берип, анын ичинен 3 адам сотторго ишенээрин билгизишсе, 61 адам "соттор сатылат, жогорку жактан берилген буйрукту аткарат" деген вариантты тандашкан.
Жеке пикирим: Сотторго ишенбегеним үчүн "Сойку сатып алгандай алса болот сотторду" деп ыр жазганмын да. Здесь нечего больше добавить...
Кудрет Тайчабаров, эркин журналист
Булак: NazarNews.kg