www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун электр энергиясы тууралуу чукул кайрылуусу боюнча бир катар жагдайларды атап кетти.

"Өкмөт башчы электр энергиясын үнөмдөө зарылдыгын билдирди. Тилекке каршы, бул биздин жалпы көйгөйүбүз. Жана бул жагынан биз аны колдошубуз керек.

Бирок анын кайрылуусунда бир эки жагдайды белгилегим келет – Акылбек Камбар-Ата 2 ГЭСинин курулушунун негизги демилгечиси болгон эмес.

ГЭС Совет бийлигинин тушунда эле курула баштап, кийин кулагандан кийин токтоп калган. Бакиевдин тушунда курулуш күч алганы чындык. Бирок, демилгечи Бакиев өзү эле, мындан эмнеге уялуу керек!?!

2010-жылы күзүндө 1 агрегат ишке киргизилген. Президент А.Атамбаев болгон. Муну жашыруунун кереги жок.

Бирок эң негизгиси станция жарык чыгарат, туурабы? Камбар-Ата 2ден чыккан электр энергия кайда кетет? Баары жөнөкөй керектөөчүлөр үчүнбү? Чоң суроо туулат... Ал эми жалпысынан электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүнө эмне түрткү болууда? Заводдор курулдубу? Анализ берүү керек.

Экинчиден, алдыда курула турган энергетикалык объектилердин чоң тизмеси аталды. 2022-жылдын апрель айында Өкмөт ушундай эле айткан...

Ал эми кошуналар менен сууну пайдаланган учурга келсек, аны жакшылап изилдеп чыгуу керек. Моюнга алыш керек, бул абдан татаал суроо", - дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости