www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-майда парламенттин жыйынында депутат Исхак Масалиев буга чейин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунда кандай пландуу текшерүү катталганын сурады.

Аталган фонддун жетекчиси Елена Калашникова алардын иш бөлмөсүнө прокуратура пландуу текшерүү жүргүзүү боюнча буйрук менен келгенин айтты.

"Бизге УКМКдан келишти. Кылмыш ишинин козголгонун азыр гана билдим", — деди ал.

Ошол эле учурда башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева чындап эле пландуу текшерүүлөр жүрүп жатканын, алар жакынкы жарым жылдын планына киргизилгенин айтты.

“Менде конкреттүү фонддун пландуу текшерүүсү тууралуу маалыматым жок”, - деп кошумчалады Калашникова.

Масалиев Калашникова менен тинтүү жана алуу учурунда прокуратуранын кызматкерлери документтерди кабыл алдыбы же жокпу деп тактады.

Ал тинтүү иштерине прокуратура кызматкерлери катышпаганын, УКМКнын кызматкерлери тинтүү жүргүзгөнүн айтты.

“Мындан тышкары, мен өзүмдүн үйүмдү тинтүүгө катышкан эмесмин, мен жок эле жүргүзүшкөн”, - деди Калашникова.

Масалиев ушул учурду эске алууну өтүнүп, Конкубаевага кайрылды. Калашникованы бул кызматка ким дайындаганын сурады.

Анын айтымында, аны дайындоо боюнча буйрукка экономика министри кол койгон.

“Буйрук өкмөт тарабынан берилген”, - деп кошумчалады ал.

"Урматтуу УКМК кызматкерлери, көрдүнөрбү ким дайындаганын. Же анын өзү бир нерсе уурдоого бел байлады деп ойлойсуңарбы? Өзүңордүн араңардан издегиле", - деди депутат.

Өз кезегинде УКМКнын жетекчисинин орун басары Тимур Шабданбеков фонддун кеңсесинде жана Калашникованын үйүндө тинтүү мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости