www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Акордада жолугушканын Inform.kz билдирди.

Салтка ылайык, ардактуу коноктун келишинин урматына салтанаттуу жыйындар залында кароол тизилди. Ардактуу кароолдун башчысы өлкө башчыларына рапорт берип, андан соң Президенттик оркестр эки өлкөнүн гимндерин аткарды.

Токаев менен Рахмон Казакстандын мамлекеттик желегин көздөй килемден өтүштү, андан соң мамлекет башчыларынын тар курамдагы эки тараптуу жолугушуусу башталды.

3-майда Касым-Жомарт Токаев Казакстанга мамлекеттик сапар менен келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду Астана аэропортунан тосуп алган. Ушул эле күнү борбор калаада казак-тажик бизнес форуму өтүп, анда ишкерлер 2,6 миллиард долларлык келишимдерге кол коюшкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости