www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Ишенбай мырза, бүгүнкү саясий абалды курчуп кетти деп сыпатташууда. Сиз кандай пикир айтат элеңиз?
--Саясий кырдаал анчалык деле курчуган жок. Мурунку президент менен азыркы президенттин ортосунда түшүнбөстүк болуп жатат, бул оорудан биз чыгабыз. Атамбаевдин тегерегиндеги маселе укуктук негизде тергелип, сотко жетсе тынч болот. Эгерде саясий чечимдер кабыл алынып калса кырдаал курчуп калышы мүмкүн.
--Экс-президент митинг аркылуу маселе чечем атат өңдөнөт…
--Өз учурунда Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров камалган маалда эл колдоп митингге чыкканда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өзү: «Бул маселени укук алкагында чечип, митингге чыкпай чечкен туура болот» деген. Ошол өзү айткан сөзүнө туруп, «мага койгон дооматтар туура эмес» деп мыйзамдын чегинде иш-аракетин жасаш керек. Элди митингге тукурбай.
--Алмазбек Атамбаев бүгүнкү абалын өз колу менен жасап алды дегенге кошуласызбы?
--Атамбаев өзү түзгөн системанын кылтагына илинип калды. Соттордун курамын өзү түзгөн, бирок алардын адилеттүү чечим чыгарарына көзү жетпей, аргасыздан элди чогултуп жатат. Адилеттүү чечимге көзү жетсе укуктук талаа менен кетмек. Өзү түзгөн системанын торуна өзү түшүп калды. Өзү тандаган сотторго көзү жетпей жатат. Түрмөгө баргысы келбей жатат.
Нургазы Айтмырзаев, Де-факто