www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаев боюнча көптөн бери эле коомчулукта арбын сын айтылып келет.
Колдогон кожосу күчтүүбү, же окуткан дубасы барбы, ишин эптей албаган Ногойбаев эчак кызматтан кетиш керек болгонуна карабай эркелетип жатышат.
Шаардыктар, активисттер Азамат Ногойбаевдин отставкасын талап кылып митинг кылып, нааразычылыкка дагы чыгышты. Бирок эмнегедир жыйынтык жок.
Компетентсиз, деңгээли төмөн экенин ушундан бил, 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча, кыздар өздөрү күнөөлүү дегендей маалымат берип, чуу жаратты эле. Анысы деле унутта калды. Кызматтан кетчү жерден министр сөгүш, эскертүү беримиш болуп ишти ким көрдү кылды.
Мына эми болсо, милиция кызматкерлери "каралардан" токмок жеп, күнөөлүүлөр камалбай Ногойбаев кол алдындагы кызматкерлеринин укугун коргой албай, "каралардан коркуп" аларды калкалап жатканы соцтармакта жазылып, айтылып жатат. Ички иштер министр Улан Ниязбеков укмаксан, көрмөксөн, билмексен.
Мына соцтармакта:
"Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынын кызматкерлери өзүн "каралар дүйнөсүнүн өкүлү" атаган кишини кармап, убактылуу кармоочу жайга камаса, ал үй камагына чыгып, өзүн кармаган милиция кызматкерлерин Джал кичи районунда кечинде бараткан жеринен 10 киши болуп сабап салышат. Орган кызматкерлери алган оор жаракатынан улам учурда ооруканада жатышат.
Ал эми шектүү катары 10адамдын бешөөнү кармап, Ленин РИИБине жеткиришет. Бирок Ленин РИИБинин кызматкерлери шектүүлөрдү бошотуп жиберген. Учурда бул окуя коомчулукка чыкпасын деп Бишкек ШИИББдин башчысы кол алдындагылардын оозун жаап жатат. Шаардык милициянын жетекчиси каралардан коркуп унчукпай отурганы менен бул жакта балдар майып болуп калуу коркунучунда турат....", - деп Султанбек Аманбеков жазды.
Булак: NazarNews.kg