www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салык кодексине өзгөртүүлөр шашылыш киргизилбеши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Салык кодексинин коомдук талкуусунда жеке ишкер Манас Карымбаев билдирди.

Анын айтымында, бизнес өкүлдөрүнө талкуу үчүн көбүрөөк убакыт берүү керек.

"Мен чакан дүкөндө сатуучумун. Кодексктеги өзгөртүүлөр товардын кымбатташына алып келет. Биз бухгалтер эмеспиз, юристтерибиз жок. Электрондук эсепти киргизүү керек деп айтып жатасыз. Дүкөн ээлери кантип иштешет? Патенттерди калтыргыла. Товарлардын керектөөчүсү – эл. Сатып алуучулардын көзүнө бизди жаман көрсөтөсүңөр. Бааны көтөрүү менен бизди сатып алуучуларга жаман көрсөтүп жатасыздар. Биринчиден, пандемиядан улам баары кымбаттады, азыр салык кызматынын айынан кымбаттап жатат. Бир жарым жыл мурун кумшекер 35 сом болсо, азыр 90 сомдон сатылууда. Бир-эки сом кошуп жатабыз. Анда бизге бухгалтерлерди жумушка алгыла. Мындай өзгөрүүлөр тоталитардык режимге алып келет», - деди ал.

Экономика министрлигинин башчысы Данияр Амангелдиев Салык кодексине өзгөртүүлөр салыктын ставкаларын төмөндөтүү максатында киргизилип жатканын айтты.

Эске салсак, министрлер кабинети салык мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости