www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Үмүт жана Ко” компаниясынын тең кожоюну Журат Абдуллаев үйүнөн табылган куралдардын сакталышын мыйзамдуу деп эсептейт жана күнөөсүн мойнуна албайт. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына адвокат Мирлан Насыров билдирди.
«Абдуллаевге мынча көп курал-жарак жана бронетехника эмне үчүн керек экенин билбейм, бирок баары мыйзамдуу», - деди адвокат.
Эске салсак, Абдуллаев ок атуучу куралдарды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн кармалган.
Кармалган жарандын үйүн тинтүү учурунда атайын техника – бронетранспорттук чалгындоо-патрулдук унаа – БРДМ-2 үлгүсүндөгү 7,62 мм калибрлүү Калашников танк автоматы табылган. Мындан тышкары көп сандаган ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана жардыргыч түзүлүштөр (Ф-1 гранатасы) жана травматикалык куралдар табылган.
Булак: NazarNews.kg