www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Мамлекеттик Думасы менен Федерация кеңеши Подмосковьеде Дарья Дугинанын автоунаасы жарылып каза болгонуна байланыштуу элди сак болууга чакырды, бирок азырынча массалык иш-чараларды токтотууга негиз жок экенин айтышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мамлекеттик Думага "Бирдиктүү орусия" партиясынан келген депутат Олег Морозов окуядан кийин массалык иш-чаралар өткөн жерде коопсуздукту күчөтүү керектигин, бирок аларды уюштурууну токтотуунун кажети жок экенин айткан. Анын пикиринде, окуяга Киев режиминин тиешеси бар.

Федерация кеңешинин эл аралык комитетинин жетекчисинин биринчи орун басары Владимир Жабаров да коомдук иш-чаралардын токтотулушуна каршы чыккан. Ал элди сак болууга чакырган.

Эске салсак, ишемби күнү кечинде Москва облусунун Одинцово районундагы Можайское шоссесинде россиялык журналист жана саясат таануучу Дарья Дугина бараткан Toyota Land Cruiser автоунаасы күйүп кетип, кырсыктан өзү көз жумган. Ал белгилүү коомдук ишмер, философ Александр Дугиндин кызы болгон. Болжолдуу маалыматтар боюнча, автоунаага жардыруучу зат коюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости