www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ишкерден акча опузалаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык УКМК Бишкек шаарындагы ресторандардын биринин ээсинен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан 20 миң АКШ долларын пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштү териштирип жатат.

Бул факт боюнча 2021-жылдын май айында 10 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү «И.Р.М.» жана «М.Р.А.» кармалган.

“Үстүбүздөгү жылдын 24-июлунда ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Бостери айылдагы конок үйлөрүнүн биринде бул кылмыштын башкы уюштуруучусу “Б.М.М.” кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди”, - деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости