www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэрлери акча үчүн акакташканына көнүп деле калдык. Кудайга тобо, жок дегенде биринчи вице-мэрлери эл үчүн жанталашып калыптыр. Жамалбек Ырсалиевдин бул орунга отурганына бир айдын жүзү болду, экс-мэр Азиз Суракматов сыяктуу 50 млн долларды сугунган жок. Учурда 430 миң унаа шаарда жүрөт. Биз жол тыгынын пайда кылбаш үчүн айланма жол курушубуз керек. Монорельс кура албасак дагы машинаны жасашыбыз керектигин билдире баштады. Эмне үчүн монорельс кура албайбыз? Метро го мейли акчанын жетишсиздигинен кура албашыбыз мүмкүн. Ал эми монорельстерди куруу үчүн аракет кылышыбыз керек.

Монорельсттүү жолдордун кандай артыкчылыктары бар?

 1. Монорельсттүү жолдорго метрополитендерге салыштырмалуу куруу жеңил, акча аз жумшалат. Бул жер үстүндөгү метронун милдетин аткарат.  

2. Монорельсттүү жолдордо эки рельстүү темир жолдорго салыштырмалуу  ылдамдыктар жогору болот. Анын үстүндө бийиктикте жайгашкандыктан кандайдыр бир башка унаа менен сүзүшө кетүүсү болбойт.

3. Азыр бийиктеги монорельсттүү жолдор шаардын көрүнүшүн көрсөтүп, Дисней сыяктуу парктарда милдетин аткарып жатат.

4.Трамвайга салыштырмалуу ызы-чуулар аз болот.

5. Монорельсттүү жолдорду куруу жеңил. Кээ бир технологиялар боюнча тез эле куруп койсо болот.  

Монорельстерди кура албасак дагы машинаны жасашыбыз керек. Мындай пикирди Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев айтты. Анда ага "Эгемендүү республиканын борбору болгон Бишкек шаарын мындан ары өнүктүрүп кетүүгө кандай пландар бар?" деген суроо берилди.

"Эгемендүү республиканын борбору болгон Бишкек шаарын мындан ары өнүктүрүп кетүүгө кандай пландар. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей, шаарды өнүктүрүүгө келгенде каражат жагынан кыйналып жатабыз. Бирок биз кол куушуруп дагы отуруп калбашыбыз керек. Азыр мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов менен бирге чоң максаттарды коюп баштадык. Шаарды өнүктүрүп кетиш үчүн биринчи элди ойлошубуз керек. Биринчи шаардын экологиясына көңүл бурушубуз керек. Учурда 430 миң унаа шаарда жүрөт. Биз жол тыгынын пайда кылбаш үчүн айланма жол курушубуз керек. Монорельс кура албасак дагы машинаны жасашыбыз керектигин» - билдире баштады Ырсалиев.

Бишкек мэрлеринин былыктарын жазып жүрүп, ашмалтай болуп бүттүк. Арийне, Бишкек мэриясында деле демилге менен иштегендер бар. Ырсалиев Бишкекке биринчи вице-мэр болгону бир топ жылыштар бар. Иштебеген адам эч кимге «тиш салбай» коңулда култуңдап жатат экен. Иштеген адам «тиштешип» алкы бузук адамдарга «жем» болуп берет тура. Бишкек биринчи вице -мэри Жамалбек Ырсалиев ишке жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, анын ордун көздөп көздөрүн кызарткандарды «көңүлдө калтырып», Бишкекти бутунан тургузуп келатат. Жамалбек Ырсалиев шаарыбызды өнүктүрүү боюнча 15 идеяны атады:

1) Акысыз санарип китепкана;

2) Дүкөн белгилерин жасалгалоонун эрежелерин түзүү;

3) Жалпыга ачык wi-fi.

4) Жарандардын кайрылуулары боюнча бирдиктүү онлайн борбор;

5) Социалдык контейнерлер;

6) Интерактивдүү музейлер;

7) Таштандыларды сорттоо;

8 ) Коопсуз аянтчалар;

9) Коворкинг жана чыгармачыл борборлор үчүн эски заводдорду жана жайларды иштетүү;

10) Коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер;

11) Туристтик маалымат борборлору;

12) Аялдамалардын чатырындагы күн панелдери.

13) Коопсуздукту жакшыртуу максатында көчөлөрдү реконструкциялоо;

14) Суу менен жабдуу тутумдарын реконструкциялоо;

15) Эски имараттардын фасаддарын калыбына келтирүү.


Антисанитардык Бишкектин кереги жок

Союз убагында жашыл шаар деп ааламга аты чыккан Фрунзе шаары эгемендикти алып, аты өзгөрүлүп Бишкек атына конгону канчалаган мэрлер ээрге отурбады. Алардын болгон кызматы президенттин кабак-кашын карап, президент үчүн борбор калаада бардык шарттарды түзүп берүү менен чектелип келген. Ал эми Бишкектин өзү таштанды шаарга айланып калган. Кыргыздын сыймыгы болгон борбор калаабыз таштанды шаар болуп турса, бул маселе Бишкектин мэринин жүрөгүн өйүбөсө кимдин жүрөгүн өйүмөк эле? Ош базарын Аскар Салымбеков тартипке салып келатты эле, ал жер каралбай таштанды базарына айланды. Таштанды болгон жерлерде эмнелер көп болот. Албетте, биринчиден келемиштердин «городогуна» айланды.

Келемиш – ар кандай оору-дарттарды, эпидемияларды тарата турганы элге белгилүү. Ал эми дал ушул Ош базарына Кыргызстандын туш-тарабынан соода кылууга биздин мекендештерибиз байма-бай каттап турушат. Кудай өзү сактасын бул келемиштер кокус бир илдет тарата турган болсо, чагылгандай тез эле Кыргызстанга тарап кетиши мүмкүн. Ош базар бомждардын мекенине айланды. Бомждар болсо келемиштер менен кошо жашап, оору-дартты келемиштерден адамдарга жуктуруу үчүн көпүрө болуп берет.

Супермаркеттерден соода кылган депутаттар Ош базарында көчөдө отуруп алышып санитардык нормаларды колдонбой соода кылып жаткандарды көрбөйт. Алардын санэпидстанциянын кароосунан өткөн китепчелери барбы? Деги жуунуп-тазаланышып, мончого түшөбү? Же болбосо эртеден кечке миңдеген адамдар өткөн чаңда отурушуп, соода кылышкандар, бийликте отурушкан «келемиштерге» таянып алышып, келемиштерди көбөйтүү үчүн Ош базарын таштанды базарга айлантып жатабы? Элге жагынуунун көп жолдору бар. Негизгиси эл үчүн иштеп бериш керек. Парламент болсо «пиар» жасоого өттү. Булар Ош базарындагы антисанитардык жол менен соода кылгандарды колдогону менен, миллиондогон мекендештерибизди таштанды, келемиштер аркылуу илдет коркунучуна түртүп атат.

Бишкек биринчи вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин Ош базарын тазалоо тууралуу демилгеси учурдагы заманбап демилге. Ал таштанды базарын цивилизациялуу базарга айланткысы келет. Кудайга шүгүр, бизде супермаркеттер көбөйүп калды. Алар канча көп болсо ошончолук атаандаштыктан улам баалар арзандайт. Карапайым-калк деле өмүрүн тобокелге салып, антисанитардык нормага туура келбеген арзан азык-түлүктөрдү көчөдөн сатып алгандан көрө, супермаркеттерден антисанитардык нормага туура келген азык-түлүктөрдү сатып алса жакшы болбойбу.

Бишкектеги "Ош базарынын" айланасындагы баш аламан соода күркөлөрү алынды. "Ош базарынын" айланасындагы мыйзамсыз 14 объектини, 9 темир жана бир жыгач стол, 2 жарнак тактасы жана 2 челек алынган. Турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча биринчи вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин Ленин районундагы текшерүүсүндө муниципалдык кызматтарга баш аламан соода түйүндөрүн жоюу иштерин күчөтүү тапшырылган. Ырсалиев мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясына коомдук жайларда тартип бузгандарга каршы күрөшүүнү күчөтүүнү, Свердлов районунун акимине «Мадина» базарынын администрациясы менен базардын айлана-тегерегин тезинен тартипке келтирүү, башаламан соода-сатыктан тазалоо, унаа токтотуучу жай маселесин чечүүнү сүйлөшүүнү тапшырды.

Аз убакыттын ичинде отуз жылда отузга чукул мэр бүтүрбөгөн ишти жалгыз бүтүрдү. Ал вице - мэр болгону Бишкектин көчөлөрү оңдолуп, таштандылардан тазаланып шаар борбор калаага окшошуп келатат. Эми дагы проблемалар көп, ошонун бири базарларды таштандыдан тазалоо. Бул демилгени Саламатыкты сактоо министрлиги кош-колдоп колдош керек. Антисанитардык базарга каршы коомчулук туруш керек. Тааныштык менен базарларда антисанитардык нормага жооп беришпей иштеп жаткан миң киши талаада калышпайт. Алар башка базарга барышып антисанитардык нормаларды сактап иштей берүүгө шарт да түзүп берүүнү мэр мойнуна алыш керек. Базарлардын тегерегиндеги антисанитардык нормага туура келбеген үжүрөлөрдө бүжүрөп жашап жүргөндөр, ошол үжүрөсүн башка бир базардын жанындагы үжүрөгө алмашкандан эриниш антисанитардык нормаларды бузууда. Парламенттеги кээ бир «тоок мээ» депутаттар аларды ойлоп да койгон жок, иштеп жаткан вице -мэрди колдомок беле?

Ырсалиевдин ууруларга Кайрылуусу

Кыргызстанда акыркы жылдары коом дагы тартиптен чыгып, борбор шаары айылга айланып, өнүгүү жолунан артка кайтып бара жаткандайбыз. Дүйнө жүзүндө жок эрежеге өтүп, люктарды сваркалай баштаганын Жамалбек Ырсалиев билдирген:

«Айласы кеткен акыретчил...Уурулар тажатты. Люктар менен арыктардын үстүндөгү жабылган капкактарды тынбай уурдап жатышат. Айлабыз кеткенде ширетип (сваркалап) отурабыз. Жамгыр жаап арыктын ичине таштаган таштандылар толуп, суу жолго атырылып агат. Анан шашылышта сварканы сүйрөп чуркамай. Сварканын аппараты чөнтөккө батпайт же колго көтөрүп алганга жеңил эмес.

Айланайын уурулар! Кудай силерге ыйман берсин. Ушул люктар менен тор темирди уурдап торго түшүп элдин каргышына жана үй-бүлөңөрдүн убалына да калбагылачы. Силер уурдап кеткенден кийин люктарга кишилер түшүп кетип, жолдогу арыка машиналар түшүп жабыркап жатат. Жалпак тил менен айтканда акмак болуп элдин да убалына калбагылачы.

Ал эми темир алгандарга кайрылаарым ушундай капкак өткөргөндөргө, жардамчы болуп, сатып алып аткан силер да Кудай ыйман берип беш алты ууруну кармап берсеңиздер жаза тартса анан уурдабай калат эле.

Шаардын милиция башчысы капкак саткан акмактар менен катуу күрөш жүргүзүп райондун начальниктерине жыйын өткөрөм деди эле. Буюрса, жакшы жыйынтык күтүп отурам. Баарылап капкак уурдаган акмактар менен күрөшөлү достор. Ким көрсө ачылып калган аңды эле эмес, уурдап бараткан адамды же сатып алып жаткан кызыл кулакты да социалдык тармактарга чыгаралы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости