www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы шаардык кеңештен биринчи эле жыйынында коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүү маселесин карап берүүнү өтүндү. Бул тууралуу ЖКнын бюджет жанан финансы комитетинин жыйынында вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди. 

Депутат Айнура Аскарова маршруткалардагы жол кире тарифи боюнча маселе кандайча чечилери тууралуу суроо узаткан. 

“Тарифтерди көтөрүү боюнча сунушту шаардык кеңештин депутаттарына бердик. Маршруткадагы жол акыны – 15, автобус менен троллейбустардыкын 11 сомго жогорулатуу сунушталууда. Учурда биз шаардык кеңештин биринчи жыйынын күтүп жатабыз. Маселени алгачкы эле жыйында карап берүүнү өтүнгөнбүз”, – деди Сазыкулов. 

Анын айтымында, Бишкек мэриясынын балансында 476 автобус болсо, анын 140ы гана иштейт. 

“183 троллейбустун 110у гана линияга чыгат. Ал эми 3000 маршрутка каттоодон өткөн болсо, 900-1 300ү эл ташыйт”, – деди вице-мэр. 

Эске салсак, июндун башында Бишкектин маршрутка айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып иш таштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости