www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы Соода-өнөр жай палатасына мүчө болгон бир нече ишкер жетекчи шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнүп, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайрылды. Сот азырынча доо-арызды кароо мөөнөтүн белгилей элек.

Бул тууралуу доогерлердин бири Аваз Керимбаев билдирди. Анын айтымында, нааразы тарап палатанын президентин шайлаган курултай одоно мыйзам бузуу менен өткөн деп эсептейт:

"Соода-өнөр жай палатасынын уставы жана регламентинин айрым беренелери бузулган. Курултай ар 5 жылда өтүшү керек болчу. Акыркысы 2015-жылдын 23-январында өткөн. Кийинкиси 2020-жылдын 23-январынан кеч эмес убакытта өтүшү керек эле. Негизсиз 11 айга создукту. Эреже боюнча палатанын президентине талапкердин жашы 35-65 курак деп чектелген. Бирок Марат Шаршекеевди 70 жашка чыкканына карабастан талапкер катары катташкан", - деди Аваз Керимбаев.

Буга чейин Соода-өнөр жай палатасынын ишине нааразы болгон ишкерлер тобу уюмду реформалоону талап кылып чыгышкан. Алар уюмда реформа жок болгону үчүн Кыргызстанда ишкерлик, экономика өнүкпөй жатканын айтып жатышат.

Аталган палатанын жетекчилиги ишкерлердин сотко кайрылганы жана алардын талабы тууралуу комментарий бере элек.

Былтыр 18-декабрда Бишкекте палатанын курултайында Соода-өнөр жай палатасынын президенти болуп Марат Шаршекеев экинчи айлампада кайрадан шайланган.

Палатанын бир катар мүчөлөрү курултай мыйзамсыз өткөнүн билдирип чыгышкан. Курултайдан кийин Марат Шаршекеев өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагып, өзү уставдын негизинде шайланганын билдирген.

1954-жылы негизделген Соода-өнөр жай палатасы - ишкерлердин башын бириктирген көз карандысыз жана маанилүү уюм. Бул палата ишкердикти жөнгө салат жана ишкерлердин атынан өкмөткө талаптарды коё алат.

Уюмга катталган ишкер өндүргөн товарын экспортко чыгарууда тиешелүү лицензия, сертификат, экспертизаларды ала алат. Мүчөлүк акысы бир жылга 10 миң сомду түзгөн палатанын курамында азыр 1200дөй ишкана-фирма бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости